Үстүбүздөгү жылдын 8-9-10-январь күндөрү КМДБнын мечиттер-курулуш жана имамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Давранбек ажы Жунусалиев Ош облусуна жасаган расмий иш сапарынын алкагында облус аймагындагы базага жүктөлгөн жалпы мечиттердин жана имамдардын тиешелүү маалыматтарын текшерип, акыркы жыйынтыктоочу этаптарын жүргүздү.
Алгач облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиевдин кабыл алуусунда болуп, мечиттердин электрондук базасы толук кандуу бүткөндөн соң, райондордогу тиешелүү адистердин ишмердүүлүгүн жеңилдетерин айтып өттү.
«КМДБ тарабынан атайын өлкө аймактарындагы жалпы мечиттердин маалыматтарын жана тиешелүү документтерин базага жүктөө аркылуу бир топ ыңгайлуу шарттарды түзөт. Мечиттердин электрондук базасы адистердин ишмердүүлүгүн жеңилдетет жана бирдиктүү маалыматтар менен камсыздалат. Бул аркылуу мечиттер жана имамдар тууралуу бирдиктүү маалыматтар камсыздалат», – деп билдирди Давранбек ажы Жунусалиев
Эскерте кетсек, Ош облусунда жалпысынан 1034 мечит эсептик каттоодон өтүп, мыйзамдуу түрдө ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.