Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентинин №54 жана №295 жарлыгынын аткарууга алуу алкагында «Жол коопсуздугу – өмүр коопсуздугу» аттуу жыйын болуп өттү. Иш-чарага райондун баш имам хатиби Бакыт ажы Убабеков, Ысык-Ата райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, билим берүү бөлүмү жана мектептердин директорлору. Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана социалдык маселелер боюнча адистери, айыл башчылары жана аймактык имамдар катышты.
Бул иш-чара жол коопсуздугуна байланышкан көйгөйлөрдү чечүү, анын ичинде жол эрежелерин сактоодо коомчулуктун жоопкерчилигин күчөтүү максатында уюштурулду. Жол кырсыктары көп учурда адам өмүрүнө коркунуч жаратып, орду толгус жоготууларга алып келери айтылды. Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик органдар коомчулукка жол эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн түшүндүрүп, профилактикалык иш-чараларды күчөтүү керектигин баса белгилешти.
Ысык-Ата районун баш имам хатиби Бакыт ажы Убабеков иш-чарада жол эрежелерине баш ийүү ислам дининин негизги принциптерине ылайык экенин белгиледи. Алардын айтуусунда, ар бир адам өз өмүрүнө жана башкалардын коопсуздугуна кам көрүшү парз экенин айтып, имамдар мечиттерде жума намаздарында жол коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө даяр экенин кошумчалады.