Талас облусунун Бакай-Ата районунун баш имам-хатиби Джусупбеков Марат Айылчиевч райондун “Арадактуу атуулу” наамын алды. Сыйлык Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан узап бараткан 2024-жылдын жыйынтыгынын алкагында тапшырылды.
Марат Джусупбековдун жарандардын руханий дүйнөсүн, адеп-ахлагын өнүктүрүүдө зор салым кошкону жана коомдук жумуштарда активдүү катышып, жаштарга үлгү болуп, көптөгөн кайрымдуулук иштерин жасап, өз үй-бүлөсү менен жаш үй-бүлөлөргө үлгү болуп келгени үчүн аталган наам ыйгарылганын казыяттан кабарлашты.