Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары доктор Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугушуп, 2025-жылдагы ажылык сапарын уюштуруу маселесин талкуулады. Жолугушууда 2025-жылдагы ажылыкка даярдык иштеринин эрте башталганы жана Кыргызстандын ажылыкты уюштуруудагы ийгиликтери белгиленди.
Азирети Муфтий ажылык сапарын уюштуруу боюнча кеңири талкуу жүргөнүн, кыргызстандык ажылардын жатакана шарттары, тамак-ашы жана ыйык жерлердеги ибадаттарын уюштуруу иштери башталганын кошумчалады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар 2025-жылдагы ажылык иштерин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюп, Кыргызстанга 6060 ажылык квота берилгенин жарыялашты.
Маанилүү жолугушууга Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов, Азирети Муфтийдин орун басары жана 2025-жылдагы ажылыкты уюштуруу штаб башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев, ошондой эле ажылык-умра бөлүмүнүн адиси Дастан Нукунов катышты.