Азирети Муфтий Мекке шаарында умра ибадатын аткарып жаткан мекендештер менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров ыйык Мекке шаарында умра ибадатын аткарып жүргөн кыргызстандык мекендештер менен жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушуу мекенчилдик жана ыйманга негизделген өзгөчө мааниси менен айырмаланды.

Муфтий жолугушуу учурунда мекендештерге ыйык Каабанын баалуулугу жана умра ибадатынын өзгөчө касиети жөнүндө түшүндүрүп, ар бир мүнөттүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал умрага келген адамдар Меккенин ыйыктыгына татыктуу мамиле кылып, убакыттарын мейманканада же бош иштер менен өткөрбөстөн, ар дайым ибадат кылууга чакырды.

“Умра ибадаты – руханий жактан тазалануу жана Алла Таалага жакындоо мүмкүнчүлүгү. Сиздер бул ыйык жерде болгонуңуздар – чексиз ырайым. Бул жердеги ар бир мүнөттү эффективдүү пайдаланып, кайра-кайра таваф кылып, умра ибадатын аткарып, Алладан кечирим сурап, өз мекенибизге жана элибизге дуба кылуу абдан маанилүү”, – деди Азирети Муфтий.

Ошондой эле ал мекендештерди Мекке сыяктуу ыйык жерге келгенде өздөрүнүн жүрүм-турумун, сөзүн жана убакытты пайдалануу маданиятын жогору деңгээлде сактоого чакырды. Ал мекендештерди Кыргызстандагы ынтымакты, бейпилдикти, ыйманды жана адеп-ахлакты бекемдөөгө дайыма аракет кылууга үндөп, бул жолдо Алла Тааланын жардамы менен гана ийгиликке жетүүгө мүмкүн экенин белгиледи.

Жыйындын соңунда муфтий мекендештерге бата берип, алардын ибадаттары кабыл болуп, Кыргызстан үчүн тилеген дубалары жүзөгө ашуусун тилеп, ыйык жерде ар бирибиздин жүрөгүбүз бейпилдик жана ыйманга толсун деген каалоосун билдирди.

Бул жолугушуу мекендештер үчүн чоң дем-күч берип, руханий жактан чыныгы байлыкка ээ болууга жана убакытты туура пайдалануу керектигин терең түшүндүргөн маанилүү окуялардын бири болду.

Жолугушууга Бишкек жана Ош шаарыларынын казылары Шакир ажы Маматов, Мирланбек ажы Токтомушев катышты.