Чырак айылында жаш өспүрүмдөр арасында Куран жана азан жарышы өттү

2025-жылдын 11-январында Ысык-Көл облусунун Чырак айылында жаш өспүрүмдөр арасында Куран жаттоо жана азан айтуу боюнча жарыш өткөрүлдү. Бул саамалык айыл жаштарын ислам баалуулуктарына кызыктыруу жана алардын диний билимин өнүктүрүү максатында уюштурулган.

Жарышка жалпы 35 бала катышты. Категориялар боюнча жыйынтыктар төмөнкүчө болду:

1 пара Куран жаттоо:

  1. Бактыбеков Нуртилек
  2. Арсаров Айдин

10 жана 15 сүрө жаттоо:

  1. Бактыбеков Абдулло
  2. Кеңешов Алитет
  3. Султанов Ариет
  4. Кеңешов Азирет

Азан айтуу жарышы:

  1. Базаркулов Алтынбек
  2. Токторбаев Алинур
  3. Нурбеков Уларбек
  4. Кадырбеков Эльдар

Жарыштын калыстары катары Сабыр Жумашев жана анын шакирттери кызмат өтөдү. Иш-чарага Чырак айылынын имамы молдо Аскербек, Марсбек Данияр жана Жаныбек аттуу дин кызматкерлери да катышып, жаштарга өз колдоолорун көрсөтүштү.

Жеңүүчүлөргө ар кандай үй тиричилик буюмдары тапшырылып, бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирилди.

Бул жарыш айыл жаштарын Куран окуу жана исламдын негизги баалуулуктарын түшүнүүгө шыктандырып, алардын адеп-ахлактык тарбиясын чыңдоодо чоң салым кошту.