Нарын облустук казыятында «Infodocs» системасы боюнча иш-чара өттү

Бүгүн, 13-январь күнү Нарын облустук казыятында заманбап «Infodocs» программасы боюнча маанилүү маалыматтар берилди. Иш-чараны Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Референт жана жалпы бөлүмүнүн адиси Медер ажы Балтабаев өткөрдү.

Маалымат берүү учурунда Медер ажы «Infodocs» программасынын негизги максаты, аны колдонуудагы артыкчылыктары жана иштөө процессин жөнөкөйлөтүүдө тийгизген таасири тууралуу кеңири баяндама жасады. Бул маалыматтарды Нарын казыятынын жалпы кызматкерлери замандын талабы деп кабыл алышып, ишке киргизүүдө маанилүү курал катары баалашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Infodocs» программасы менен кошо башка маанилүү маалыматтар да сунушталды. Медер ажы алдыда бул программанын толук ишке кирүүсү үчүн бардык облустук кызматкерлерге дагы кеңири түшүндүрүү сабактарын уюштурса болорун баса белгиледи.

Бул программаны ишке ашыруу Нарын казыятынын ишмердүүлүгүн жакшыртып, документтерди санариптештирүү аркылуу убакытты үнөмдөөгө жана иш процессин оптималдаштырууга чоң салым кошорун белгиленди. Нарын облустук казыятынын жалпы жамааты бул иш-чараны жогору баалап, Медер ажыга жана уюштуруучуларга терең ыраазычылыгын билдиришти.

Айта кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун өлкөдөгү диний маданиятты өркүндөтүүгө жана муфтиятты өнүктүрүүгө багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчеминде КМДБны санариптештирүү пункту бар болчу. Диний мекемелерге «Infodocs» системасын киргизүү диний башкармалыкты электрондоштурууга багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп калмакчы.