Ноокен райондук хатибияты тарабынан Шамалды-Сай шаарындагы кыз-келиндер арасында Куран окуу боюнча “Куран жазы” аттуу сынак өткөрүлдү. Жалпы 41 катышуучу катышкан сынакка райондун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков алдыда мындай саамалыктар байма-бай болуп турарын айтып, буларга токтолду.
«Биз Аллах Таала насип кылса, бул жылга бийик максаттарды койгонбуз. Буйруса эми ошол максаттарды ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Башкы максатыбыз элге динди жеткирүү менен бирге имамдарыбыздын билим деңгээлин жогорулатуу жана аларды өз алдынча изденүү менен жаңыча иштөөгө тарбиялоо. Алсак, бул сынакты уюштурууда райондук хатибият демилгечи гана болдук. Сынакты уюштуруу, катышуучуларды каттоо, демөөрчүлөр менен иштөө ж.б. ушул сыяктуу маселелердин баарын жергиликтүү имам өзү командасы менен колго алды. Буйруса сынак биз ойлогон деңгээлде өттү. Сынака катышкан 41 катышуудан сырткары 350дөй күйөрман аларды колдоп турду. Бул жакшы натыйжа!», – деди.
Сынакта катышуучулар Курандын акыркы эки парасы, акыркы бир парасы жана соңку паранын жарымы боюнча өздөрүн сынап көрүшкөн. Соңунда жеңүүчүлөр аныкталып, аларга үй-тиричилик буюмдары жана баалуу белектер тапшырылды.
Жыйынтык;
Курандын соңку эки парасы боюнча:
I-орундуАпиза Арипова,
II-орунду Бухалича Дехканова,
III-орунду Зияда Бекбаева ээледи.
Курандын 30-парасы боюнча:
I-орунду Дилафруз Масаитова,
II-орунду Сабахат Иззатиллаева,
III-орунду Шахида Моминова ээледи.
Курандын акыркы 30-паранын жарымы боюнча:
I-орунду Гулмира Обидханова,
II-орунду Нигина Изатиллаева,
III-орунду Махлие Муминова камсыздады.