Бишкек шаарынын каазысы Шакир ажы Маматовдун демилгеси менен ишке ашып келе жаткан бир жылдан берки «24 саат бою Куран» саамалыгында Куран жаткан карылар сыйланды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мусулмандарынын казыятынан кабарлашты.
Шакир ажы бул үлкөн ишке убактыларын арнап, үзгүлтүккө учуратпастан кызмат кылып келе жаткан карыларга сый дасторкон жайып, акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Калаа казысы карыларга ыраазычылык билдирип: «Бул окулуп жаткан үзгүлтүксүз Куран тарыхый окуя жана Жараткандын ырайымын төкчү амал. Борборубуздун так ортосунда тынымсыз Ыйык Куран окулуп жаткандыгы ар бир мусулмандын жүрөгүнө ырахат тартуулайт. Бүгүн мына ушул кызматты бир жылдан бери биз менен талыкпастан, түйшүгүн биз менен кошо сезип келе жаткан сиздерге ыразычылыгымды билдирем, Аллах Таала бул амалабызды жакшы амалдардын катарында кабыл аларына жана мамлектибизге Өзүнүн мээримин, берекесин чачышына дуба кылып калабыз», – деди өз сөзүндө.
Айта кетсек, өткөн жылы борбор калаадагы «Кимсанбай ажы Абдырахманов» атындагы борбордук мечитте үзгүлтүксүз 24 саат бою Куран саамалыгына старт берилип, азыркы күнгө чейин Куран окулуп келет. Анда азыркы тапта Куран жаттаган карылардын устаты, белгилүү Анарбай карынын көзөмөлүндө тыкыр тандалып алынган мыкты 18 кары кызмат кылып келе жатат.