Жалал-Абад шаардык хатибияты жыл жыйынтыгын чыгарып, артыкчылыктар жана кемчиликтер талданды

Жалал-Абад шаардык хатибияты шаардагы жума мечит имамдарынын жыл ичинде аткарган иштериндеги артыкчылыктары жана кемчиликтерин талдап, алдыда жасай турчуу иштердин планын талкуулашты. Жыйын Жалал-Абад шаардык мэриясынын жыйындар залында болуп, ага мэриянын социалдык өнүгүү секторунун башчысы Кубанычбек Шерматов, шаардын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев жана шаардыгы жума мечиттердин имамдары катышты. Жыйында Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү секторунун башчысы Кубанычбек Шерматов шаардык хатибият, шаардагы имамдар диний, социалдык ж.б.у.с. ар түрдүү маселелер боюнча жергиликтүү бийлик менен жакындан иш алып баргандыгын айтып, Жалал-Абад шаардык мэриясынын атынан хатибиятка жана имамдарга ыраазычылыгын билдирди.

Жыйын андан ары имамдардын жыл бою аткарган иштерин угуу менен уланып, 2025-жылга карата аткарыла турган иштердин планы талкууланды. Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев имамдардын жасаган иштериндеги артыкчылыктар менен кемчиликтерин айтып, имамдарга хатибияттын жүргүзгөн иштери боюнча маалымат берди. Ал өз сөзүндө,

“Сиздер менен биргеликте буйруса көптөгөн жакшы иштерди жасадык. Жараткан Аллах Таалага чексиз шүгүрлөр, Пайгамбарыбыз Мухаммадга (с.а.в.) салам-салаваттар болсун. Кубанычбек Абдыжапарович айткандай, хатибият Жалал-Абад шаардык мэриясы менен биргеликте бир топ ийгиликтүү иштерди жасай алдык. Эл менен болгон жолугушуулар, ата-энелер менен балдардын ортосундагы мамиле, балдар жана өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулук, наркомания, суцид, билим берүү мекемелериндеги окуучулар жана студенттер менен болгон жолугушуулар. Мындан сырткары имамдардын билим деңгээлин жогорулатууга багытталган бир топ алгылыктуу иштер, окуу семинарлары, сынактар, мечит-медреселердин курулушу, аларды оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, Жалал-Абад шаардык хатибиятынын кеңсесин курууга алынган жер, мечиттердеги азандардын өз убагында айтылуусу, мечиттердин тазалыгы ж.б. бир топ алгылыктуу иштер. Жогорудагы жетишкендиктердин баары сиздердин колдооңуздар жана берген дубаларыңыздардын арты менен болду. Алдыда КМДБнын, облустук казыяттын койгон тапшырмасына ылайык жаңы тартипте иш алып барабыз. Азыр санариптештирүү багытында жаңы талаптар иштелип жатат. Ошондуктан имамдарыбыздын билим деңгээлин жогорулатууга, алардын компьютерде иштөө жөндөмдүүлүгүн арттырууга көбүрөөк көңүл бурабыз”, – деди.

Соңунда шаардын баш имам хатиби шаардык мэрияга, мэриянын социалдык өнүгүү секторунун башчысы Кубанычбек Шерматовго ыраазычылык сөзүн айтып, хатибиятын ыраазычылык баракчасын тапшырды. Аны менен катар имамдардын эмгеги бааланып, аларга да облустук казыяттын Алкыш баракчалары жана шаардык хатибияттын ыраазычылык баракчалары ыйгарылды.