КМДБнын конференция залында Чүй облусунун аймагыдагы ДОЖдор 2024-2025-окуу жылынын I жарым жылдыгына карата ишмердүүлүктөрү боюнча отчёт тапшырууда.
Отчётто диний билим берүү мекемелеринин жетекчилери программа; окутуучулар, студенттер жана бүтүрүүчүлөр боюнча маалымат; окуу жайдын ишмердүүлүгү; мамлекеттик тилди өркүндөтүү; спорттук иш-чаралар, ишембиликтер, кошумча кесиптик билим берүү, КМДБ, казыяттан берилген тапшырмалардын аткарылышы, иш кагаздарды жүгүртүү, жетишкендиктер жана кемчиликтер, муктаждыктар боюнча маалымат берип, сунуш-пикирлерин айтып жатышат.
«Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасына ылайык, диний билим берүү мекемелеринин ишмердигин баалап, аларга мониторинг жүргүзүү максатында атайын отчёт угуп жатабыз. Отчёт угуу саамалагы 10-январь күнү башталып, Кыргызстан Ислам университети баштаган Бишкек шаарындагы диний окуу жайлар өз отчётторун тапшырышты. Кечээтен бери Чүй облусунун аймагындагы ДОЖдордун отчётун кабыл алуудабыз. Бүгүн «Хазрети Осмон», «Куран нуру» институттары, «Султан Акмат 2» медресе мекемеси, «Имам Азам», «Умар», «Аль-Акса», «Абдулла ибн Аббас», «Имам Жазарий» медреселеринин отчётторун уктук. Отчёт угуунун максаты диний окуу жайларыбыз менен борбордук аппараттын байланышын жаңы деңгээлге көтөрүү, диний билим берүүнүн сапатын арттыруу жана проблемаларды чогуу-чаран чечүү болуп саналат», – деди Муфтияттын референт жана жалпы бөлүмдөр башчысы Абдиназар ажы Хаджибеков.
Анын айтымында, комиссиянын курамында Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү, КМДБнын окуу бөлүмү, бухгалтерия жана казыяттын окуу боюнча адиси бар.
Айта кетсек, Бишкек шаарындагы ДОЖдор 10-11-январда отчёт тапшырган болсо, Чүй облусундагы окуу жайлардын эртең, 15-январь күнү отчёт тапшыруусу аяктайт. Ал эми Талас облусундагы диний билим берүү мекемелери 16-январь, Ысык-Көл жана Нарын облустарында ДОЖдор 17-январь күнү отчётторун тапшырса, Баткен облусу 21-22-январь, Жалал-Абад облусу 22-23-24-январь, Ош шаары 25-,27-январь, о.э. Ош облусунун аймагындагы ДОЖдор 28-29-30-31-январь жана1-февраль күндөрү отчёт тапшырышмакчы.