Араванда жетим балдарга сый-тамак уюштурулуп, белектер тапшырылды

Ош облусуна караштуу Араван районунун баш имам-хатиби Умарали ажы Муратов райондогу ата-энеси жок жетим балдарды чогултуп, аларга демөөрчүлөрдүн колдоосу менен сый-тамак уюштурулуп, белектерди тапшырды.

«Бул иш-чара ысырапкорчулукка жол бербөө максатында башкаларга үлгү болушу үчүн уюштурулду. Биздин максатыбыз той-аштарды өткөрүүдө ашыкча чыгым кылуунун ордуна чыныгы муктаждарга жардам көрсөтүү керектигин элге түшүндүрүү болуп саналат. Ошондой эле, жетимдердин аз да болсо көңүлүн көтөрүп, алар менен биргеликте эл-журттун аманчылыгы, өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн дуба кылдык», – деп билдирди баш имам-хатиб Умарали ажы Муратов.