Бүгүн, 15-январда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан Түркиянын Кыргызстандагы Элчилиги жана «Мутакалим» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмеси менен биргеликте «Диний жамааттардагы аялдардын ролу: Кыргызстан менен Түркиянын тажрыйбасы» аталышындагы симпозиум өткөрүлүп жатат.
Бул симпозиумдун негизги максаты – Түркия менен Кыргызстандын ортосунда аялдарга байланышкан диний маселелер боюнча тажрыйба алмашуу, ошондой эле диний жамааттардагы аялдардын ордун изилдөө болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан жана Түркиянын диний жамааттарындагы тарыхый жана социалдык факторлорго байланышкан өзгөчөлүктөр каралып, аялдардын диний жашоого катышуусуна таасир этүүчү негизги аспектилер аныкталууда. Симпозиумга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Кыргызстандын конфессиялар аралык кеңешинин мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, диний кызматкерлер жана диний чөйрөдөгү активдүү айымдар катышууда.
Белгилей кетчү нерсе, аталган иш-чара Бишкек шаарында 16-январда улантылып, Ош шаарында 17-18-январь күндөрү өткөрүлмөкчү.