Үстүбүздөгү жылдын 14-15-январь күндөрү Кыргызстандын мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Референт жана жалпы бөлүмүнүн адиси Медер ажы Балтабаев Ысык-Көл казыятына барып, казыят кызматкерлерине жаңы маалыматтык-документациялык системаны (Инфодокс) колдонуу боюнча окутуу өткөрдү.
Семинар учурунда казыят кызматкерлери Инфодоксту иш жүзүндө колдонууга үйрөнүп, анын мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары тууралуу кеңири маалымат алышты. Санариптештирүү процесси казыяттын ишин эффективдүү кылуу максатын көздөйт.
КМДБ өкүлү окутуулар мындан ары да уланып, өлкө боюнча бардык казыяттарда өткөрүлөрүн белгиледи. Жергиликтүү казыят кызматкерлери семинарды жогору баалап, алган билимдерин казыяттын иштеринде пайдалана турганын айтышты.