Ош шаарында «Диний жамааттардагы аялдардын ролу: Кыргызстан менен Түркиянын тажрыйбасы» аттуу симпозиум өттү

Бүгүн, 18-январь күнү Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» мечитинде «Диний жамааттардагы аялдардын ролу: Кыргызстан менен Түркиянын тажрыйбасы» аталышында симпозиум өттү.

Симпозиумга ДИМК ТАБ башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, КМДБнын үгүт-насаат, аялдар жана жаштар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Султан ажы Гапуров, Түркия мамлекетиндеги Анкара мусулмандарынын муфтий (баш имам-хатиби – ред.) орун басары Айнур Йашар жана Түркиянын Дин иштери боюнча башкармалыгынын Ислам динин кабыл алгандар менен иштөө жана чет өлкөдөгү коомдук диний кызматтар бөлүмүнүн башчысы Севде Дүзгүнер, Ош шаардык казыятынын эмгек жамааты, «Мутакалим» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин төрайымы Жамал Фронтбек кызы, Ош шаардык казыятынын аялдар боюнча адиси Жазгүл Сатибаева жана Ош шаары менен облус аймагындагы 2000ге жакын ДОЖ студенттери катышты.

Аталган иш-чара дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Ош шаардык мусулмандарынын казыяты жана «Мутакалим» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурулуп, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарынын аялдар менен иштөө бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада КМДБнын үгүт-насаат, аялдар жана жаштар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Султан ажы Гапуров Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун саламын жеткирип, аялдардардын коомдогу ордуна токтолду.

«3-4 кундон бери диний жамааттардагы аялдардын ролу боюнча симпозиум болуп жатат. Мында баарыңар ак жолук салынып ыймандуулуктун үлгүсүн көрсөтүп турганыңыздар аябай кубандырат. Эгемендик алган жылдары аябай аз сандагы жолукчан аялдарды көрөт болчубуз. Мамлекетибиздеги чейрек кылымдык диний эркиндигибиздин шарапаты менен бүгүнкү күндө сиз күбө болуп турган ийгиликтерге жетиштик», – деди Султанали ажы Гапуров.

Андан соң келген конокторго сөз берилип, Түркия мамлекетиндеги Анкара мусулмандарынын муфтий (баш имам-хатиби – ред.) орун басары Айнур Йашар жана Түркиянын Дин иштери боюнча башкармалыгынын Ислам динин кабыл алгандар менен иштөө жана чет өлкөдөгү коомдук диний кызматтар бөлүмүнүн башчысы Севде Дүзгүнер Түркия тажрыйбалары менен бөлүштү.