Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда жайгашкан «Исмаил ата» мечитинде Ош облустук казыяты ДИМК ТАБ менен биргеликте аялдарга сабак уюштура баштады.
Аталган сабакка ДИМК ТАБдын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков, Кара-Суу районундагы кыздар медреселеринин мугалимдери жана жергиликтүү айымдар катышты.
Аталган сабактын алгачкы бөлүгүндө КР мыйзамдары, ислам баалуулуктары жана акыйда сабагы өтүлдү.
«Буйруса сабактарыбыз ар жума сайын уланат. Бул да болсо аялзатынын диндеги орду маанилүү экендигин көрсөтүп берет. Анткени аялдар келечек муундарга өз тарбиясын берет», – деди облус казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков.