Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби жол эрежелерин сактоо боюнча баяндама жасады

Үстүбүздөгү жылдын 18-январында Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылында жол эрежелерин сактоо боюнча иш-чара уюштурулду. Иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары Ильяс Бабаев да катышып, жолдо жүрүү эрежелерин сактоо боюнча кеңири токтолду.

Баш имам-хатиб Топчиев өз сөзүндө жол эрежелерин сактоо, ылдамдыкты ашырбоо жана жөө жүргүнчүлөр үчүн атайын өтмөктөрдү колдонуу керектигин белгиледи. Ал ошондой эле ислам дининде эрежелерге баш ийүү керектигин, ким эрежени эске албай унаа башкарып кырсыктарга кабылса, ал бул дүйнөдө да, акыретте да жооп берерин жана ар бир адамдын өмүрү аманат экенин айтты.

Иш-чаранын негизги максаты – шаар тургундарын жолдо коопсуз жүрүүгө чакыруу, жолдогу автокырсыктардын алдын алуу жана болтурбоо. Ошондой эле коомдук тартипти сактоо болуп саналат.