Жалал-Абад: Мечиттерди жана имамдарды электрондук базага киргизүү боюнча тактоо иштери жүрүүдө

Бүгүн, 20-январь күнү Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятында мечиттерди жана имамдарды электрондук базага каттоо боюнча жыйын болуп өттү. Жыйынга КМДБнын мечиттер-курулуш жана имамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Давран ажы Жунусалиев, облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков, казыят кызматкерлери жана район-шаарлардын баш имам-хатибдери катышты.

КМДБнын мечиттер-курулуш жана имамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Давран ажы Жунусалиев Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасына ылайык, өлкө аймагы боюнча мечиттердин жана имамдардын бирдиктүү электрондук базасын түзүү, каттоо иштери дээрлик соңуна чыгып калгандыгын, аймактардагы казыяттар, хатибияттар менен биргеликте тактоо иштери жүрүп жаткандыгын айтып буларга токтолду.

“Урматтуу район-шаарлардын баш имам-хатибдери, КМДБнын өлкө аймагы боюнча мечиттерди жана имамдарды электрондук базага каттоо боюнча тактоо иштери өлкөнүн дээрлик баардык облустарында жүргүзүлдү. Алдыда Талас облусу жана сиздер гана калдыңыздар. Ошондуктан ар бириңиздер өзүңүздөргө тиешелүү аймактардагы имамдар менен мечиттердин, намазканалардын маалыматын тактап, калган маалыматтарды базага киргизиңиздер. Сиздер бир нерсени эсиңиздерге сактап алыңыздар. Санариптештирүү программасынын алкагында электрондук базаны КМДБнын талабына ылайык ишке ашырып алсак, сиздердин иштөөңүздөргө да алда канча жеңил болот. Эң башкысы мечит, намазканаларыбыздын документ иштери, курулуштун мыйзамдуулугу жөнгө салынып, тартипке түшөт. Ошондуктан бул ишти жоопкерчилик жана берилгендик менен жасаңыздар. 22-январга чейин акыркы электрондук базадагы маалыматтарды облус казысы менен бекитип, соңуна чыгаруубуз зарыл”, – деди.

Облус казысы район-шаарлардын баш имам хатибтерине буга чейин КМДБ тарабынан мечиттерди жана имамдарды электрондук базага киргизүү боюнча тапшырмалар берилгендигин эскертип, берилген мөөнөткө чейин тактоо иштерин бүткөрүү талабын койду.