Бүгүн, 20-январь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы «Апиза эне» ислам институтунун жыйындар залында КМДБ тарабынан түзүлгөн комиссия өлкөнүн түштүк аймагындагы диний окуу жайлардын ишмердүүлүгү тууралуу төмөнкү график боюнча отчёт уга баштады.
20-21-январь күндөрү Баткен облусу;
22-23-24-январь күндөрү Жалал-Абад облусу;
25,27-январь күндөрү Ош шаары;
28-29-30-31-январь жана 1-февраль күндөрү Ош облусу.
Отчётто 2024-2025-окуу жылынын 1-жарым жылдыгына карата ДОЖдордун ишмердүүлүгү каралат.
ДОЖ жетекчилери тиешелүү документтеринин тактыгы, финансылык маселелер, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, кайрымдуулук, спорттук мелдештер, ишембилик ж.б.у.с. аткарылган иштери боюнча видео отчёт же слайд-презентация аркылуу көрсөтүп беришүүдө.
Отчётторду алуу комиссиясынын курамында Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Самаган ажы Мырзаибраимов, КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Хамидулла ажы Садиллаев, КМДБнын Референт жана жалпы бөлүм башчысы Абдиназар ажы Хаджибеков жана ар бир казыяттардан экиден өкүл катышмакчы.
Отчёт алуунун алгачкы күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев да катышып, комиссиянын ишине ийгилик каалады.
«Өлкөнүн түштүгүндө ДОЖдор көп, айта турган болсок Ош облусунда 50гө чукул экендиги баарыбызга маалым. Албетте мындай отчёт алуу алгачкы жолу болуп жатса керек. Буйруса жалпы ДОЖдордун ички иш кагаздары жана программалар иретке келтирилип, тиешелүү талаптар коюлат деп ишенебиз», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.
Ал эми КМДБнын Референт жана жалпы бөлүм башчысы Абдиназар ажы Хаджибеков ДОЖдордун деңгээлин жогорулатуу керектигин белгилесе, окуу бөлүмүнүн башчысы Хамидулла ажы Садиллаев буларга токтолду:
“Буйруса этап-этабы менен жакшы иштер жүрүп жатат. Отчет алуу аркылуу ДОЖдор боюнча жалпы мониторинг жүргүзөбүз. Мындан ары ДОЖдордун деңгээлин жогорулатуу максатында окуу сапатын жакшыртып, дипломдоруна да маани берилет”.