Талас: Эки мечит жылуулук системасы менен камсыздалды

Талас районунун баш имам-хатиби Райымберди Өмүралиев, айылдык кеңештин депутаты К. Айталиев жана айыл имамы К. Таласбек уулунун демилгелери менен Кара-Суу айылындагы «Кимбилет» жана «Осмон» мечиттерине жылытуу системасы орнотулду. Бул демилгени ишке ашыруу үчүн жергиликтүү тургундар жакындан жардам беришти.

Казыяттан маалымдашынча, айрымдар материалдык жактан колдоо көрсөтсө, башкалары курулуш иштерине катышып, биримдиктин үлгүсүн көрсөтүшкөн. Ошондой эле чет өлкөдө эмгектенип жүргөн айыл тургундары да өз салымдарын кошушкан.

Имамдын айтымында, жылуулук системасынын орнотулушу мечитке жамаат менен чогулуп, ибадат кылуу үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү жаратты. Бул демилге жамааттын биримдигин дагы да бекемдеп, мечитти кыш мезгилинде да активдүү пайдаланууга шарт түзөт.

«Талас районундагы мечитте жылуулук системасынын ишке кирүүсү – бул адамдардын биримдикте жасаган аракетинин жемиши. Бул иш-чара жамааттын руханий баалуулуктарын сактап, келечекке жакшылык менен караганын айгинелейт», – дейт баш имам-хатиб.

Белгилей кетсек, бул саамалык үчүн 650 миң сомдон ашуун акча каражаты сарпталды.