Президент «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү” мыйзамга кол койду

КР Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-январь күнү «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчы Фейсбук баракчасы аркылуу маалымдады. Текст толугу менен берилет:

Урматтуу кыргызстандыктар!

Бүгүн дин боюнча мыйзамга кол койдум.

Бул мыйзамды каршы пикир менен кайтаруумду суранган, динди катуу карманган жарандарыбыз болду.

Ошол эле мезгилде кол коюп күчүнө киргизишимди суранган, светтик көз караштагы жарандарыбыз да бар.

Светтик көз караштагы жарандарыбыз дагы Кыргызстанда динди катуу кармангандар менен бирдей эле санда экенин унутпайлы.

Алар бейтааныш адамдар квартира-квартира, үймө-үй кыдырып, эшик каккылагандарга каршы экендерин билдирип жатышат.

Кыдырып келгендер кимдер экенин, колдорунда Муфтият, казыят, хатибият тарабынан берилген күбөлүктөрү барбы, кайсы агымга же уюмга үгүттөп жүргөндөрүн, ал агымдар биздин динибизге каршы келбейби деген суроолорго жооп алгылары келишет.

Мыйзамда бир эле талаш-тартыш жери бар. Ал – үймө-үй кыдыруу маселеси.

Бизде ушул Кыдыруу маселеси толук жолго коюла элек болуп жатат. Анткени Кыдырууга чыкканга ким уруксат берет, кимдер Кыдырууга чыга алат, билими кандай болуш керек, кимдер даават айта алат, кандай баракчаларды же китептерди таратса болот, аларды ким текшерүүдөн өткөрүп берет деген сыяктуу суроолор тартипке салына элек. Үй-бүлө, бала-чакасын карабай, ачка таштап коюп

3 күнгө, 40 күнгө, 4 айга чейин Кыдырууга чыгып кеткен жарандарыбыз болуп жатат. Ушул кантип болсун. Үй-бүлөсүн эң жок дегенде тамак-аш менен толук камсыз кылып коюп анан Кыдырууга чыкса болбойбу.

Дааватка эч ким каршы эмес. Дааваттан биз эч качан зыян көрбөйбүз. Азырынча мечиттерде айта бергиле, той-томолоктордо айткыла, жарандарды акыркы сапарга узатууга чогулган жерде айткыла, эл чогулган базарларда айткыла, кийин Кыдыруу аркылуу да айткыла.

Бирок ушул Кыдыруу эрежесинин баарын Муфтият менен Аалымдар кеңеши жөнгө салып, кимдер чыгат, кайсы орган күбөлүк берет, ким көзөмөлдөйт деген сыяктуу эрежелерди так жазып, анан бизге сунуштасаңыздар кайрадан карап берели. Маселе жок.

Мен, мисалы, эч качан динге каршы чыкпайм. Себеби өмүр бою динди катуу карманган молдонун, ажынын баласымын. Дин эмне экенин жакшы түшүнөмүн. Эгер мен азыр “Динди катуу кармангандардын назарынан калбайын, келечек эмне болсо ошол болсун” десем, каршы пикир менен бул мыйзамды кайтарып коёт элем.

Бирок мен бул маселеге жөнөкөй жаран катары эмес, өлкөнүн президенти катары карап жатам. Бир күн менен же жеке кызыкчылык үчүн жашабайлы.

Радикалдар тараптан туура эмес агымга үндөй турган баракчаларды, китептерди тараткан учурлар акыркы убакта көп катталып жатат.

Муфтият менен Аалымдар кеңеши тарабынан талаптарды коюп, эрежелерди так жазып, баарын ирээтке келтирип алып, анан үймө-үй кыдырууну улантсак мамлекетибиздин келечеги үчүн жакшы болот.

Алакандай кыргыз эли 33 агымга бөлүнүп кетиптирбиз.

Аларды тизмектеп санап берейин.

Кыргызстанда сот тарабынан тыюу салынган жана ага карабай, ишмердүүлүгүн улантып жаткан агымдар:

  1. Хизбут-Тахрир-Аль-Ислами;
  2. Ат-Такфир Валь-Хиджра;
  3. Йакын Инкар;
  4. Джабхат Ан-Нусра (Сирия аймагына чыгып кетишкен)
  5. Катибат Аль-Имам Аль-Бухари (Сирия аймагына чыгып кетишкен)
  6. Жаннат Ошиклари (Сирия аймагына чыгып кетишкен).

(Сирияга “джихад” кылабыз деп кетишкен 544 жараныбызды былтыр кайтарып келдик. Азыр алар мамлекеттин көзөмөлүндө реабилитациядан өтүшүп, түшүндүрүү иштери жүрүп жатат).

Экстремисттик же террористтик делип КР сот тарабынан тыюу салынып, өлкөбүздө ишмердүүлүгү токтотулган агымдар:

(Эгер чындап эле токтотушкан болушса? Балким булардын арасында тымызын иш жүргүзүп жаткандар да болушу мүмкүн?)

  1. Аль-Каида
  2. Чыгыш Түркстан Ислам Кыймылы
  3. Күрт элдик конгресси
  4. Чыгыш Түркстанды бошотуу уюму
  5. Түркстан Ислам партиясы
  6. Мун чиркөөсү
  7. Жайшуль Махди
  8. Джундь-аль Халифат
  9. Ансаруллох
  10. Акромия
  11. Саид Бурятскийдин (А.Тихомировдун) пропагандалык үгүттөө материалдары жана ишмердүүлүгү
  12. ИШИМ -Ирак, Шам Ислам Мамлекети (ИГИЛ)
  13. Джамаат ат-Таухид валь-Джихад
  14. Жихад тобу

Сот тарабынан тыюу салына элек агымдар:

(Бүгүн ишмердүүлүгүн улантып жатышат)

  1. Таблиги Жамаат
  2. Салафия
  3. Хизмет (Гюленчилер)
  4. Нурджулар
  5. Сулайманжылар
  6. Ахмадия
  7. Кораниттер (Ахлуль Куран)
  8. Братья Мусульмане
  9. Адвентисты седьмого дня
  10. Иёгова күбөлөрү
  11. Протестанттар
  12. Иисус Христос Чиркөөсү
  13. Саентологдор
  14. Теңирчилер.

Бул агымдарга кошулгандар күндөн-күнгө көбөйүп бара жатышат. Себеби тыюу салынбаган агымдар тарабынан да ар кандай китеп, баракчаларды таратуу күндөн-күнгө күчөп жатат. Айрым учурларда тыюу салынган агымдар тарабынан да китептерди, баракчаларды, видео материалдарды тараткан учурлар катталып, кармалып жатышат.

Чын ниети менен Кыдырууга чыккан жарандарыбызда кеп жок.

Кеп Кыдырууну жамынып алып, жарандарыбызды тымызын туура эмес агымга ээрчитип кетип жаткан ниети бузук уюмдарда болуп жатат.

Мунун түбү жакшы эмес.

Келечегибизге коркунуч жаратып бара жатат. Мусулман өлкөлөрдө

(Мисалы Сирия жана башка мусулман өлкөлөрдө) мусулмандар эле бири-бири менен “менин уюмум туура, сенин агымың туура эмес” дешип таасир талашып кырылышып, миллиондогон мусулмандардын каны төгүлүп жатканын көрүп жатабыз го.

Ошол өлкөлөрдө илгертен бери мына бүгүнкү бизге окшоп ар кайсы чачыранды, радикал агымдарга бөлүнгөндөрүнүн кесепетинен келип чыгып жатат. Тарапташтарынын саны өскөңдөн кийин топ-топ болуп таасир талашмай. Албетте аларды кызыкдар болгон сырткы күчтөр да бирине-экинчисин тукуруп, козутууда.

Канчалаган адамдардын каны төгүлүп кетти.

Ошондуктан алакандай кыргызстандыктар бир эле салттуу динибиз менен жашайлычы.

Ушуну жолго койгонго муфтият менен дин аалымдары жардам бергиле да.

Буга чейин бул маселеге эч ким көңүл бурган эмес экен.

Кеч боло электе биз көңүл буралы.

Дин тармагыбызды ирээтке келтирип, Кыргызстаныбыздын түбөлүгүн түздөп, туура жолго багыт берип кетели.

Мейли ким болбойлу, кайсы агымдын мүчөсү болбойлу баарыбыздын эле келечекте ушул мамлекетибизде тынч жашагылары келген бала-чака, небере-чөбөрөлөрүбүз бар го, акыры. Ошолордун келечегин ойлонолу.

Жакшы ниет менен жасап жаткан иштерди саясатка айландырбайлычы.

Муфтият менен Аалымдар кеңешинен сунуш күтөбүз.

Кыдыруу боюнча эрежелерди ийне-жибине чейин жазып, сунуш киргизгиле.

Алардын так аткарылышына жана бир жолго салынышына мамлекет жардам берели.

Сунушуңарды канчалык эрте берсеңер, ошончолук жакшы болот.

****

Уважаемые кыргызстанцы!

Сегодня я подписал закон о религии.

Наши граждане, глубоко приверженные религиозных норм, просили меня отклонить закон с возражением.

В то же время есть и граждане со светским взглядом, которые, настаивали на подписании и введении закона в силу.

Не будем забывать, что граждан со светскими взглядами в нашей стране столько же, сколько и строго религиозных.

Они выступают против того, что незнакомцы ходят по квартирам и домам, стучатся в двери.

Люди хотят получить ответы на вопросы о том, кто эти странствующие проповедники, есть ли у них удостоверения, выданные Муфтиятом, казиятом или хатыбиятом, какую организацию или направление они пропагандируют, и не противоречит ли это направление нашей религии.

В законе есть только один спорный момент — это вопрос обхода домов для проповедей.

У нас вопрос обхода домов для проповедей (Кыдыруу) еще не урегулирован должным образом. Не определено, кто выдает разрешение на такие обходы, кто может участвовать, какое образование необходимо, кто имеет право проводить даават, какие листовки или книги разрешено распространять и кто будет проверять эти материалы.

Есть случаи, когда наши граждане оставляют семьи и детей без присмотра и средств к существованию, уезжая на 3 дня, 40 дней или даже 4 месяца. Как так можно? Разве нельзя сначала обеспечить свою семью хотя бы минимальным питанием, а потом уже отправляться призывать к религии?

Никто не против даавата. Мы никогда не пострадаем от правильного даавата. Пока можете проводить его в мечетях, на свадьбах, похоронах, рынках или других местах, где собираются люди. А позже, можно будет проводить даават.

Муфтият и Совет улемов должны установить четкие требования и правила: кто может участвовать, какой орган выдает удостоверения, кто осуществляет контроль, и предложить их нам. Мы рассмотрим и поддержим. Проблем в этом нет.

Я, например, никогда не выступлю против религии. Я сын человека, который всю жизнь был глубоко верующим молдо и ажы. Я очень хорошо понимаю, что такое религия.

Если бы я сейчас подумал: «Лишь бы не потерять расположение тех, кто строго придерживается религии, а что будет в будущем — неважно», то мог бы просто вернуть этот законопроект с возражением.

Но я рассматриваю этот вопрос не как просто гражданин, а как президент страны. Мы не должны жить только сегодняшним днем или ради личной выгоды.

В последнее время участились случаи распространения радикальных материалов и книг, которые пропагандируют неправильные течения.

Если Муфтият и Совет улемов разработают четкие правила, упорядочат этот процесс и затем продолжат проводить обход, это будет на пользу будущего нашего государства.

Наш народ разделился на 33 течения.

Приведу список.

В Кыргызстане существуют запрещенные судом течения, которые, несмотря на это, продолжают свою деятельность:

  1. Хизбут-Тахрир-аль-Ислами;
  2. Ат-Такфир Валь-Хиджра;
  3. Йакын Инкар;
  4. Джабхат ан-Нусра (ушли на территорию Сирии);
  5. Катибат аль-Имам аль-Бухари (ушли на территорию Сирии);
  6. Жаннат Ошиклари (ушли на территорию Сирии).

(В прошлом году мы вернули из Сирии 544 наших граждан, которые уехали туда «на джихад». Сейчас они проходят реабилитацию под контролем государства, и проводится разъяснительная работа).

Экстремистские или террористические организации, деятельность которых была запрещена судом Кыргызской Республики и прекращена на территории страны:

(Если их деятельность действительно прекращена? Возможно, среди них есть те, кто действует тайно?)

  1. Аль-Каида;
  2. Исламское движение Восточного Туркестана;
  3. Курдский народный конгресс;
  4. Организация освобождения Восточного Туркестана;
  5. Исламская партия Туркестана;
  6. Церковь Муна;
  7. Жайшуль Махди;
  8. Джунд аль-Халифат;
  9. Ансаруллох;
  10. Акромия;
  11. Пропагандистские материалы и деятельность Саида Бурятского (А.Тихомирова);
  12. ИГИЛ — Исламское государство Ирака и Леванта;
  13. Джамаат ат-Таухид валь-Джихад;
  14. Организация Джихад.

Течения, деятельность которых не была запрещена судом:

(На сегодняшний день продолжают свою деятельность)

  1. Таблиги Джамаат;
  2. Салафия;
  3. Хизмет (Гюленисты);
  4. Нурджулар;
  5. Сулайманисты;
  6. Ахмадия;
  7. Кораниты (Ахлуль Куран);
  8. Братья-мусульмане;
  9. Адвентисты седьмого дня;
  10. Свидетели Иеговы;
  11. Протестанты;
  12. Церковь Иисуса Христа;
  13. Саентологи;
  14. Тенгрианцы.

Количество последователей этих течений с каждым днем растет. Это происходит из-за того, что незапрещенные течения все активнее распространяют различные книги и брошюры.

Есть и случаи, когда запрещенные течения также распространяют книги, листовки и видеоматериалы.

У нас нет претензий к нашим гражданам, которые искренне отправляются на даават с чистыми намерениями.

Проблема заключается в том, что некоторые недобросовестные организации используют обходы как прикрытие, чтобы тайно увлекать наших граждан в неправильные течения.

Это крайне опасная тенденция, которая угрожает нашему будущему. Мы уже видим, как в мусульманских странах, например в Сирии и других, мусульмане сами борются друг с другом, утверждая: «Моя организация правильная, а твое течение ошибочно». Из-за этой борьбы за влияние проливается кровь миллионов мусульман.

Такие последствия — результат того, что эти страны с давних пор были разделены на разные радикальные и раздробленные течения, как сейчас у нас. Когда сторонников таких групп становится больше, начинаются конфликты и борьба за влияние. Внешние силы, которым это выгодно, тоже разжигают эти противостояния.

Сколько уже пролито крови. Поэтому мы, небольшой народ Кыргызстана, должны жить в рамках нашей единственной традиционной религии. Муфтият и религиозные ученые, помогите навести порядок в этом вопросе.

До сих пор на это никто не обращал внимания. Пока не стало слишком поздно, давайте уделим этому внимание. Приведем в порядок нашу религиозную сферу, направим Кыргызстан на правильный путь и заложим прочный фундамент для его будущего.

Кем бы мы ни были, к какому бы течению ни принадлежали, у всех нас есть дети, внуки, правнуки, которые хотят жить в этом государстве в мире и спокойствии. Давайте думать об их будущем.

Не превращайте благие дела в политическую игру.

Мы ждем предложений от Муфтията и Совета улемов.

Разработайте правила для обходов вплоть до мельчайших деталей и представьте их.

Государство поможет обеспечить их строгое выполнение и упорядочение.

Чем раньше вы представите свои предложения, тем лучше.