«Акса» мечитине жаңы килем төшөлүп, жылытуу системасы коюлду

Бишкек шаарындагы 1-май районуна караштуу Степной айылындагы «Акса» жума мечитинде имам-хатибдин демилгеси, жергиликтүү жамааттын колдоосу менен жылытуу системасы орнотулуп, дааратканасы капиталдык оӊдоп-түзөөдөн өттү.

Ошону менен бирге мечиттин ички бөлүгүнө жаӊы килем төшөлүп, ибадат кылуу үчүн келгендерге ыӊгайлуу шарттар түзүлдү.

Мечиттин имам-хатиби Исмаил ажы Зулипов өз сөзүндө: «Жылдын кайсыл мезгилинде болбосун, мечитке келген ар бир жаран ыӊгайлуу шартта дааратын алып, Жаратканга татыктуу ибадат кылуусу үчүн шарттар түзүлдү. Ушул үлкөн сооптуу иштерге колдон келген салымын кошкон ар бир эр-азаматка ыраазычылык айтамын! Жараткан баарыбыздын жакшы иштерибизди кабыл кылсын. Мечиттерибиздин шарттары мындан ары да жакшыра беришине тилектешмин», – деди.

Айта кетсек, КМДБ жетекчисинин тапшырмасына ылайык, өлкө аймагындагы жана анын катарында Бишкек шаарындагы мечиттердин шарттары жакшыртылып, ысык суу жана жылытуу системасы орнотулуп, капиталдык оӊдоп-түзөөдөн өтүүдө.