Чүй облусунун Москва районундагы “Абу Бакр ас-Сыддык” мечитинде Имам Абу Ханифанын “Фикхул Акбар” китеби боюнча окуу курсу уланууда. Бул иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын демилгеси менен уюштурулуп, Сокулук, Москва, Жайыл жана Панфилов райондорунан 100дөн ашуун имамдар диний билимин өркүндөтүп жатышат.
Дин кызматкерлеринин илимин тереңдетүү жана кесиптик квалификациясын жогорулатууга багытталган семинарда КМДБнын алдындагы Илимий изилдөө институтунун илимий адиси Муназбек Зарлыков “Ислам негиздери жана агымдардын идеологиялык айырмачылыктары” атту лекция өттү.