Ош облусуна караштуу Кара-Гуз айыл аймагындагы Алтын-Күрөк айылынын жаштары «Жусуп ата» мечитинин имамы Жамгырбек кары Мамидин уулуна ат белек кылышса, мечиттин курулушуна салым кошкон Мирлан Жусуп уулу аттуу тургун имамга умра сапарына жолдомо тапшырганын Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев билдирди.
«Жамгырбек карыга ыраазычылык иретинде жергиликтүү эл тарабынан белектер берилип жатканына баарыбыз кубанып олтурабыз. Учурда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында имамдарга колдоо көрсөтүп жатышат. Алтын-Күрөк айылынын жаштары да демилге көтөрүп ат белек кылышса, «Жусуп ата» мечитинин курулушуна салым кошкон Жусуп уулу Мирлан деген мырза имамга умра сапарына жолдомо тапшырды. Баарыңыздарга ыраазычылык билдиребиз. Аллахым ыраазы болсун», – деди баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев.
Райондун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев жергиликтүү эл менен жолугушууда ысырапкорчулукка жол бербей, ыксыз чыгымдарды токтотуп, жакшылыктарга жумшоодо үлгү болуу жөнүндө айтып өттү.
Айта кетсек, Жамгырбек кары Мамидин уулу «Жусуп ата» мечитинде 4 жылдан бери имамчылык кызматты аткарып келет.