Талас казыяты «Инфодокс» электрондук документ жүгүртүү системасына толук түрдө өттү. Бул кадам Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын санариптештирүү иш мерчеминин алкагында ишке ашырылып, казыяттын ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу жана жарандарга кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатын көздөйт.
КМДБнын Референт жана жалпы бөлүмүнүн адиси Медер ажы Балтабаев Талас казыятында болуп, казыят кызматкерлерине маалыматтык документтик системаны («Инфодокс») колдонуу боюнча семинар өткөрдү.
«Документтерди иштеп чыгуу убактысы кыскарып, чечимдер тез арада кабыл алынат. Жарандардын кайрылуулары электрондук түрдө кабыл алынып, бардык документтер санариптик форматта жүргүзүлөт. Ага ылайык кагазды колдонуу минималдаштырылат. Документтердин кыймылы көзөмөлдөнүп, маалыматты жоготуу жана туура эмес колдонуу коркунучу азаят. Система каттарды ишенимдүү сактоо жана коргоо механизмдерин камсыз кылат жана бардыгы онлайн форматта аткарылат. СЭД аркылуу документтердин абалын реалдуу убакытта көзөмөлдөсө болот”, – деп белгиледи Медер ажы Балтабаев.
Ал окуулар мындан ары да улантыларын белгилеп, казыят кызматкерлеринин суроолоруна жооп берди.