Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айыл өкмөтүндө “Исламдагы аялдын орду” аталышындагы иш-чара болуп өттү. Иш-чара аталган айыл өкмөттүн маданият үйүндө болуп, ага райондун баш имам-хатиби Шумкарбек ажы Чыналиев, Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн соц. адиси Мохигул Борбуева, аялдар кеңешинин төрайымы Рахат Косимова жана илим талап кылган 250дөй кыз-келиндер катышты. Анда райондун баш имам-хатиби Шумкарбек ажы Чыналиев исламдагы аялдын орду туурасында кеп салды.
“Урматтуу таманында бейиш катылган мээримдүү энелер, инсандын тукумун улаган жалпы кыз-келиндер, жеңелер. Ислам динибизде аялдын орду, даражасы жогору коюлган. Анын жөнөкөй эле мисалы пайгамбарыбыз: “Бейишти энелердин таман астында” деди. Мындан ала турчуу сабак, мына ушундай жогорку даражага татыктуу болуу. Кымбаттуу энелер, жалпы кыз-келиндер, сиздердин коомдогу ордуңуздар, келечек муунду тарбиялоодогу ролуңуздар абдан маанилүү. Элибизде, “Кыз бузулса коом бузулат, кыз оңолсо бүтүндөй коом оңолот” деп тегин жерден айтылбаган. Сиздер тарбиянын башатысыздар. Келиңиздер, уул-кыздарыбыздын тарбиясына, алардын билим алуусуна терең көңүл буралы. Коомдогу көйгөйлөрдүн бири болгон, жаштардын эрте никеге туруусу, ысырапкерчиликтин көп болуусу өңдүү көйгөйлөрдүн алдын алалы», – деди.
Иш-чаранын соңунда кыз-келиндер тарабынан ыраазычылык сөздөр айтылып, мындай пайдалуу сабактар байма-бай болуп туруусун суранышты. Ал эми райондун баш имам-хатиби бул саамалык мындан ары токтобой тургандыгын, алдыда райондун башка айыл өкмөттөрүндө да боло тургандыгын убада кылды.