Чүй облусунун 4 районунан 100дөн ашуун имамдарга арналган окуу курсу ийгиликтүү жыйынтыкталды. Семинар 4 күнгө созулуп, Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Эмильбек ажы Андартегин жана Мирзат ажы Барпыбеков сабак өтүштү. Сабактарда имамдардын диний билимин тереңдетүүдө акыйда илимине багытталды.
Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков катышуучуларга сертификаттарды тапшырды. Мындан сырткары, өз кызматы менен айырмаланган имам-хатибдерге жана жалпы жамаатка ыраазычылык баракчаларын ыйгарды.
Облус казысы өз сөзүндө имамдардын коомдогу маанилүү ролун белгилеп, алардын илим алууга болгон аракети үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.
«Аллах Таала илимиңиздерге береке берип, коомго татыктуу кызмат кылууга насип этсин. Өтүлгөн сабактар силердин ишиңерди дагы да жеңилдетип, жамаат менен байланышты бекемдөөгө өбөлгө болот деп ишенем», – деди Абдил-Азиз Чыныбеков.
Иш-чарага катышкан имамдар өз ыраазычылыктарын билдирип, мындай окутуу курстары диний кызматкерлердин ишмердүүлүгүн жакшыртууга чоң салым кошорун баса белгилешти.
Бул окуу курсу Чүй облусунун диний чөйрөсүндөгү кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана коомдогу тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болду. Аллах Таала бул иш-чарада берилген илимди берекелүү кылып, жалпы коомчулукка пайдасын тийгизет деген ишеним бар.