Үсөн Маматтурсун уулу Өзгөн районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды

Ош облусунун Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Үсөн Маматтурсун уулу Өзгөн районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев кол койду.

Буйрукту Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков Өзгөн районунун борбордук мечитинде жергиликтүү жамаатка тааныштырды.

Маматтурсун уулу Үсөн тууралуу маалымат:

1993-жылдын 12-августунда Өзгөн районунун Дөң-Булак айылында туулган.

Билими:

2011-2016-ж.ж. ОшМУ теология факультети – бакалавр;

2016-2019-ж.ж. Түркия Республикасы, Кайсери, Эржийес университети теология факультети – магистратура;

2020-ж. Эржийес университети теология факультети – докторантура.

Эмгек тажрыйбасы:

2024-жылдын 29-январынан баштап, 1-августка чейин Кара-Суу районундагы «Жийделик» мечитинин наиб имамы;

2024-жылдын 1-январдан баштап, 30-майга чейин Кара-Суу райондук хатибиятынын катчысы, бухгалтери;

2024-жылдын 2-февралынан баштап, Кара-Суу районундагы «Апиза эне» ислам институтунун мугалими;

2024-жылдын 17-июндан баштап, Кара-Суу районундагы «Апиза эне» ислам институтунда катчы;

2024-жылдын 2-сентябрынан баштап, Кара-Суу районундагы «Апиза эне» ислам институтунда проректор.