Ош шаардык мусулмандарынын казыяты калаадагы мечиттердин шарттарын жакшыртуу иштерин улантууда

Ош шаардык мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов баштаган казыяттын эмгек жамааты жаңыдан курулуп жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жаткан мечиттердин курулуш иштери менен жеринде таанышып, мечиттердин абалы заманбап талаптарга ылайык болуусун камсыз кылуу зарыл экенин баса белгиледи.

«Ош шаарында 3-4 мечит өзүнүн эле ордуна кайрадан курулуп жатат. Мындан сырткары айрым мечиттерде атайын окуу бөлмөлөрү курулуп, имамдын көзөмөлү алдында пайдаланууга берилүүдө. Кээ бир мечиттердин дааратканаалары заманбап жаңыланса, айрым мечиттерде ремонт иштери кызуу жүрүүдө. Бүгүн дагы бир мечитибизде заманбап талаптарга ылайык даараткана куруу иштери башталды», – деди Мирланбек ажы Токтомушов.