Ноокатта имамга 1 млн. сомдук автоунаа белек кылышты

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров Кеңеш айыл аймагындагы Арбын айылында жайгашкан «Арбын» мечитинин имамы Курбанбай Султановго жергиликтүү жамаат жана айыл жаштары тарабынан 1 млн. сомдук автоунаа белек кылышкандыгын билдирди.

Ошондой эле, имамдын «Арбын» мечитине жаңы даараткана куруу демилгесин Улукбек Алибаев жана жергиликтүү жамаат колдоо алып, 1 млн. 200 миң сомго жаңы даараткана куруп беришти.

«Мечиттин дааратканасы жаңыланып, ибадат кылууга ыңгайлуу шарттар түзүлүптүр. Имамдын демилгесин колдоого алган жергиликтүү жамаатка ыраазычылык билдиребиз. Өзгөчө Алибаев Улукбек агабыз жанынан 400 миң сомдук салым кошуптур. Буга учурда Ош облусу боюнча жүрүп жаткан мечиттердин абалын жакшыртуу боюнча имамдар арасындагы конкурс дагы себепчи болду. Ошондой эле, имамдын кызматын баалаган эл 1 млн. сомдук машина белек кылды», – деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.