Бүгүн, 27-январда Ысык-Көл облусунун Каракол шаары жана Жети-Өгүз районунун имамдары үчүн квалификациялык билимди жогорулатууга багытталган төрт күндүк окуу курсу старт алды. Бул иш-чара Ысык-Көл облустук казыяты тарабынан уюштурулуп, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын борбордук мечитинде өтүүдө.
Курстун жүрүшүндө 70 имам 4 күн бою диний жана практикалык билимдерин тереңдетип, ислам дининин баалуулуктарын жайылтуу боюнча ар тараптуу сабактардан өтөт. Биринчи сабакка Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев катышып, имамдарга ийгилик каалап, батасын берди. Сабактарды Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) фатва бөлүмүнүн адиси Марат уулу Баястан (Абубакр) алып барууда.
Имамдар мечитте жатып, эртеден кечке интенсивдүү түрдө билим алышат. Курстун соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.
Иш-чаранын негизги максаты – өлкөдөгү дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатып, коомдогу диний иштерди өркүндөтүү жана биримдикти бекемдөө. Бул сыяктуу курстар Кыргызстанда диний билим берүүнү өркүндөтүп, салттуу ислам баалуулуктарын сактоого багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет.