Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков Кара-Суу районундагы «Жабир» медресесинин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземине катышты.
«Жабир» медресесин алгачкы 5 бүтүрүүчүсү диний билим алуу менен биргеликте медициналык окутуу курсун да кошо аяктап, тиешелүү сертификаттарга ээ болушту.
«Учурдун талабы катары медреседе кошумча кесиптерге да мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Албетте кыз-келиндердин диний билим алуусу бала тарбиясында маанилүү экендиги баарыбызга маалым. Ошону менен бирге медициналык окутуу курсун да кошо аяктап, сертификаттар тапшырылды. Өлкөдөгү көпчүлүк кыздар медреселеринде ашпозчулук, медициналык биринчи жардам көрсөтүү, тигүүчүлүк жана кошумча тил курстары уюштурулган. Бул да болсо, студенттердин үй-бүлөлүк жашоосунда колдонулуучу кесиптер болуп саналат», – деди облус казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков.