Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылынын жашоочулары көп жылдан бери айыл элине кызмат кылып келип жаткан айыл имамы Дөөлөткалый Чотубаевге «Daewoo Nexia» маркасындагы темир тулпар белек кылышты.
Бул иш-чара элдин диниятчыга болгон сый-урматынын, ынтымагынын жана чогулуп, жакшы иштерди жасоого болгон жөндөмдүүлүгүнүн айкын мисалы болду деп билдиришти казыяттан.
Белекке берилген унаа имамдын айылда дин иштери менен алектенүүсүн жеңилдетип, коомчулукка көбүрөөк пайда алып келерине ишеним артышууда. Белек үчүн эл-журтка ыраазычылыгын билдирген имам унааны айыл үчүн кызмат кылуу жолунда колдонорун билдирдирди.