Арпидин ажы Жороев Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары болуп дайындалды

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбековдун буйругуна ылайык, Арпидин ажы Жороев Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары болуп дайындалды.

Буга чейин казынын орун басары болуп эмгектенип келген Бакыт ажы Усманов үй-бүлөлүк шартына байланыштуу өз арызы менен кызматтан бошогонун казыяттан маалымдашты.

Казынын жаңы орун басарынын таржымалы:

Аты жөнү: Жороев Арпидин Кадырович

Туулган жылы: 24.01.1972-жыл

Туулган жери: Ош облусу, Чоң-Алай району, Дароот-Коргон айылы.

Жашаган дареги: Жалал-Абад облусу, Сузак району, Барпы айыл өкмөтү, Комсомол айылы

Билими: орто

Диний билими: Кара-Балта шаары, «Хазирети Осмон» ислам институту.

Эмгек тажрыйбасы:

2006-2008-ж.ж. Кара-Балта шаарындагы «Хазирети Осмон» ислам институтунда мударрис (мугалим).

2009-2014-ж.ж. Жалал-Абад шаарындагы «Достук» жума мечитинин имамы.

2014-2018-ж-ж. Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятынын фатва боюнча адиси.

2018-2022-ж.ж. Казыяттын окуу боюнча адиси.

2022-2024-ж-ж. Казыяттын мечиттер боюнча адиси.

Билген тилдери: араб, орус, өзбек.

Компьютердик билими: Microsoft Office