Өлкө боюнча ДОЖдордун жарым жылдык отчётторун угуу жыйынтыкталды

КМДБ тарабынан түзүлгөн комиссия диний окуу жайлардын (ДОЖ) жарым жылдык отчётун алуу процессин жыйынтыктады.

«Өлкөдөгү ДОЖдордун ишмердүүлүгү боюнча алгачкы жолу комиссия тарабынан атайын отчёт алуу иши жүргүзүлүп, бир топ жыйынтыктар чыгарылып жатат. Отчёт алууда коюлган критерийлер аркылуу ДОЖдордун ишмердүүлүгү канчалык денгээлде экендигине мониторинг жүргүзүүгө болот. Мындан кийин отчётто алынган маалыматтарга ылайык, ДОЖдордун ишмердүүлүгү боюнча жеринен таанышып, текшерип чыгуу пландалган. Албетте жасалып жаткан ар бир кадам, окуу сапатын жакшыртып, тиешелүү шарттардын түзүлүшүн камсыз кылууда өз жемишин берет деп ишенебиз. Этап-этабы менен окуу жайлардын иш кагаздары, программаларын бир тартипке салууга аракеттенип жатабыз», – деди КМДБнын Диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Хамидулла ажы Садиллаев.

Ошондой эле ДОЖдордун жарым жылдык отчётун алууда кээ бир диний окуу жайлар келбегендигин кошумчалап, аларга карата тиешелүү чара көрүлө тургандыгын билдирди.

Айта кетсек, аталган жарым жылдык отчётто ДОЖ жетекчилери окуу жайдын ишмердүүлүгү, студенттери жана мугалимдери тууралуу маалымат, окуу жайда өткөрүлгөн түшүндүрүү иштери, кошумча сабак катары Кыргыз тили жана Кыргызстан тарыхы сабактарынын өтүлүүсү, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча өткөрүлгөн иш-чаралар жана кошумча кесиптер ж.б. критерийлер тууралуу маалымат беришти.