Самидин кары Атабаев Ысык-Көл облусундагы жаңы дайындалган Президенттин өкүлү менен жолугушту

Бүгүн, 31-январь күнү Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы жаңы дайындалган өкүлү Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар облус аймагында диний сабаттуулукту жогорулатуу, коомдук ынтымакты бекемдөө жана социалдык иштерди колдоо боюнча кызматташуу жана анын келечектеги багыттарын талкуулашты.

Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары облус тургундарынын диний-адептик тарбиясын өнүктүрүү жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, мындан ары да мамлекеттик органдар менен биргеликте коомго пайдалуу иш-чараларды уюштурууга даяр экенин билдирди. Жолугушуунун аягында Самидин кары жаңы өкүлгө казыяттын атынан чакан белек тапшырып, ишине ийгиликтерди каалады.

Жолугушуу облустагы социалдык-диний иштерди мындан ары да өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болду.