Иллюстрациялык сүрөт: Конференция залы
2025-жылдын 13-февралында ордо калаада Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши тарабынан «Салттуу ислам түшүнүгү: Ханафийлик-матуридилик» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясы уюштурулат.
Эл аралык илимий-практикалык конференцияга КР Мамлекеттик Катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Сапарбекович, КР Президентинин Аппаратынын өкүлү Октябрь Капалбаев, КР Президентинин Аппараттын өкүлү Замир Турсунбеков, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов баштаган мамлекеттик кызматкерлер, Казакстан мусулмандарынын баш муфтийинин орун басары Сансызбай ажы Курбан уулу, Пакистандык аалым Аршад Маданий, Өзбекстан мусулмандарынын Диний Башкармалыгынын өкүл баштаган конок лекторлор, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдилазиз Закиров, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир Ракиев баштаган диний аалымдар, илимпоздор, теолог-дин таануучулар, коомдук ишмерлер катышат.
Конференция өтүлчү жер: «Шератон» мейманканасы
Сааты: 10:00
Эл аралык конференциянын программасы:
Расмий бөлүк
10:00-10:05 Куран окуу, дуба кылуу
10:05-10:15 Ачылыш сөз – Замир кары Ракиев — Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы (модератор).
10:15-10:25 Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Катчысы
10:25-10:35 Капалбаев Октябрь Эркинович — тарых илимдеринин доктору, профессор, КР Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары — саясатты иштеп чыгуу, реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы
10:35-10:45 Юсупов Азамат Маматович – Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору
10:45-10:55 Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи — Абдилазиз кары Закиров
Конференциянын илимий-практикалык бөлүгү
10:55-11:10 «Салттуу Ислам түшүнүгүнүн диний-илимий өңүттөн чечмелениши». Кыргызстан муслмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, теологиянын доктору, доцент — Самаган Мырзаибраимов
11:10-11:25 «Казакстанда салттуу Ислам» Казакстан муслмандар Азирети Муфтийинин орун басары — Сансызбай ажы Курбанулы
11:25-11:40 «Ислам дининде шарьий өкүм чыгарууда үрп-адаттын орду». Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү – Жеңишбек Курбанов
11:40-11:55 «Өзбекстанда салттуу Ислам». Өзбекстан мусулмандарынын Диний идарасынын Фатва борборунун башкы адиси — Хабилулла ажы Жураев
11:55-12:10 «Акыйда-амал маселесинде системдүүлүк. Илимий өңүттөн Ханафий-Матуридийлик мазхаптарынын өз ара байланышы». Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү – Мирзат Барпыбеков
12:10-12:25 «Пакистанда диний жашоонун практикасы» -Аршад Маданий Пакистан Ислам Республикасынан чакырылган дин аалымы
12:25-12:40 «Мазхап кармануунун зарылдыгы». Дин башкармасынын Фатва жана диний адабияттар бөлүмүнүнү жетекчиси – Жоробай Шергазиев
12:40-12:55 «Радикализмдин алдын алууда Ханафий-Матуридий доктрининин орду». Кыргызстан муслмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, Phd, доктор, доцент — Марс Ибраев
12:55-13:10 «Салттуу Ислам» түшүнүгү китепчесин тааныштыруу. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү – Эмилбек Асылбеков
13:10-13:20 «Кыргызстанда салтуу Ислам түшүнүгү: Ханафийлик-Матуридийлик» эл аралык илимий-практикалык конференциясынын чакырыктары (резолюциясы)