Талас облусунун Талас районунун имамдары арасында “Фикхул Акбар” китебинин негизинде акыйда сынагы уюштурулду. Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Кенжетай ажы Курманкожоев жана Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев ардактуу конок катары катышкан сынакта жогорку билимдүү устаздар калыстык кылышты.
Жыйынтыгында калыстар тобу эң жогорку балл алган имамдарды аныктап, аларга сыйлыктар тапшырылды. Кызуу өткөн конкурста 1-орунду Кушчубек Осмоналиев алып, умрага жолдомону утуп алды. Ал эми Таалайбек Сулайманов, Насип Эшимканов, Таласбек Асанбековдор түстүү сыналгы алышса, Шумкарбек Биримкулов менен Насир Жумалиев 5 миң сом акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Ошондой эле көп жылдан бери элге кызмат кылып келе жаткан Кара-Суу айылынын имамы Күмүшбек Таласбек уулуна да умрага жолдомо тапшырылды.
Бул иш-чаранын максаты дин кызматкерлеринин билимин өркүндөтүү, алардын элге болгон кызматында мыкты сапаттарды өнүктүрүү, коомго туура акыйданы жеткирүү жана дин илимин тереңдетүү болуп саналат.
Катышуучулар конкурсту уюштурган Талас районунун баш имам-хатиби Райымберди Өмүралиевге, башкы демөөрчүлүк кылган Думан Рыскуловго жана жергиликтүү демөөрчүлөргө ыраазычылыктарын билдиришти.
Эске салсак, өткөн жылы Талас облусунун имамдары “Фикул Акбар” китебин окуп бүтүрүшкөн жана учурда “Васият” китебин окушууда.