Каракол шаарынын баш имам-хатиби болуп Рустам ажы Ыбыкеев дайындалды

Бүгүн, 31-январда Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев Каракол шаарынын баш имам-хатиби кызматына Рустам ажы Ыбыкеевди дайындады.

Облус казысы Каракол шаарынын борбордук мечитинде жума баянынан кийин жаңы баш имам-хатибди жамаатка тааныштырды.

Самидин кары Рустам ажы Ыбыкеевдин жооптуу кызматына ийгилик каалап, анын Каракол шаарынын мусулмандары үчүн чоң жоопкерчилик менен иш алып барарына ишеним артты.