Радикализмдин алдын алуу жана коопсуздук: Чүй облусундагы кызматташтык

Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдырахманов менен жолугушуп, аймактагы диний жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин талкуулады.
Жолугушуунун алкагында диний экстремизмге жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жарандардын радикалдашуусунун алдын алуу, ошондой эле салттуу диндин туура жайылышын камсыздоо багытында биргелешкен аракеттерди күчөтүү маселелери кеңири каралды. Тараптар диний сабатсыздыкты жоюу жана коомчулуктун арасында радикалдык идеялардын таралышына бөгөт коюу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Бул жолугушуу Чүй облусундагы укук коргоо органдары менен диний мекемелердин кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарып, аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөөдө маанилүү кадам болуп саналат. Коомдук ынтымакты сактоо, жарандардын укуктарын коргоо жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу багытында мындай диалогдордун жана өнөктөштүктүн мааниси чоң экени баса белгиленди.