Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиевдин демилеси менен өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча атайын иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара Талас облусундагы Бакай-Ата жана Талас райондорунун имамдары үчүн уюштурулуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бакай-Ата районунун «Өрт өчүрүү жана алдын алуу» бөлүмүнүн башчысы, майор Кенжешов Медетбек жана лейтинант Райымбек уулу Дамирбек тарабынан өткөрүлдү.
Инструктажда дин кызматкерлерине өрт чыккан учурда кандай алдын алуу чараларын көрүү керектиги, мечиттерде жана диний мекемелерде өрт коопсуздугун сактоо боюнча негизги эрежелер түшүндүрүлдү. Министрликтин өкүлдөрү электр жабдууларын туура колдонуу, жылытуу системаларын коопсуз пайдалануу жана өзгөчө кырдаалдарда туура аракеттенүү боюнча кеңештерин беришти.
Мындан тышкары, имамдарга өрт өчүрүүчү жабдууларды колдонуу ыкмалары көрсөтүлүп, алдын алуу чаралары боюнча дагы кеңири түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле, диний мекемелерде коопсуздукту жогорулатуу жана өрт кырсыктарын болтурбоо максатында атайын иш-чаралар уюштурулду.
Имамдар өз тараптарынан өрт коопсуздугуна байланыштуу суроолорго жооп алып, алган билимин иш жүзүндө колдонууга убада беришти. Бул иш-чара мечиттерде жана диний мекемелерде коопсуздукту жогорулатуу жана өрт кырсыктарын алдын алууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.