Баткен районунун Бужум айылынын Ш.Токсонов атындагы орто мектебинде дин боюнча жаңы кабыл алынган мыйзамды туура түшүндүрүү, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, ошондой эле балдар арасындагы зордук-зомбулукка каршы күрөшүү боюнча жыйын өттү.
Иш-чарага КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов, Баткен РИИБнин башчысы Алмазбек Шагамурзаев, Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров, жергиликтүү тургундар жана мектеп жамааты катышты.
Жыйында Чагылган Юсупов жана Нуридин ажы Мамасабиров дин боюнча жаңы мыйзамдын негизги багыттарын кеңири түшүндүрүп, экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик жана диний уюмдардын ролуна токтолушту. Алар зордук-зомбулуктун алдын алуу, өзгөчө балдарды коргоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди талкуулашты.
Өз сөзүндө Нуридин ажы Мамасабиров салттуу исламдын, тактап айтканда, Ханафий мазхабы менен матурудий акыйдасын жайылтуунун маанилүүлүгүн белгилеп, ислам дини зордук-зомбулукка жана экстремизмге каршы экенин баса белгиледи. Ошондой эле, ал ата-энелерге балдарды туура тарбиялоого жана алардын келечегине жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырып, үй-бүлө институтунун бекемдиги коопсуз жана тынч коомдун негизин түзөрүн айтты.
Бул жыйын аймактагы диний аң-сезимди жогорулатууга, коомдук коопсуздукту камсыз кылууга жана ата-энелердин жоопкерчилигин арттырууга багытталган маанилүү иш-чаралардын бири болду.