Кечээ, Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыяты имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында «Ханафий мазхабын жайылтууда КРнын мыйзамдарын жана диний концепциясын негизге алып иш алып баруу» деген темада атайын иш-чара өткөрдү. Бул иш-чарага Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков, КМнын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Талантбек ажы Жороев, КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев, Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАКтын ыкчам өкүлү милициянын подполковниги Урматбек Калдаров, Жалал-Абад шаардык мэриясынан Замирбек Сыдыков, казыят кызматкерлери жана шаардагы жалпы имамдар катышты.
Иш-чаранын башында облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков «Салтуу ислам түшүнүгү» темасында баяндама жасап, ислам дининдеги салттарды кеңири түшүндүрүп берди. Темага өзгөчө көңүл бурган нерсе — жаңы кабыл алынган «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзамдар болду. Февраль айынан тарта күчүнө кирген ушул жаңы мыйзамдар боюнча КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев маалымат берип, имамдардын суроолоруна жооп берди.
Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАКтын ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги Урматбек Калдаров имамдарды диний экстремизм жана терроризмдин алдын алууга чакырып, жаңы мыйзамга ылайык, мыйзам бузуу учурларында кандай чаралар көрүлөрү боюнча түшүндүрмө берди. Ошондой эле, имамдар үчүн атайын колдонмо китепчеси даярдалып жаткандыгын айтты.
Иш-чаранын соңунда баяндамачылар кабыл алынган мыйзамдардын ислам динине терс таасир тийгизбестен, тескерисинче, коомдогу тартипти орнотуп, элдин мыйзамдарга болгон сыйын жогорулатууга багытталганын белгилешти. Алар имамдарга бул маалыматтарды элге туура жана так жеткирип, коомго түшүндүрүүдө активдүү болууга чакырышты.