Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыяты “Мыкты хатиб” сынагын жарыялады

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыяты мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү, имам-хатибдердин эл алдында сүйлөө чеберчилигин өнүктүрүү жана алардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында “Мыкты хатиб” сынагын жарыялады.

Сынак 2025-жылдын аягына чейин уланат жана имам-хатибдер негизги үч критерий боюнча бааланат:

  1. Эркин темада баян жасоо – катышуучулар мамлекеттик тилде өздөрү тандаган темада баяндама жасашы керек.
  2. Убакыт чеги – баян 15 мүнөттөн ашпоого тийиш.
  3. Кийим – имам-хатибдердин формасы иреттүү болушу шарт.

Ошондой эле, тандап алган темадан чыкпай, так жана мазмундуу баян кылган катышуучуларга артыкчылык берилет.

Сынактын биринчи этабы 2025-жылдын 10-февралында Жалал-Абад шаарындагы Мусталый уулу Нуркожо ажы атындагы Ислам маданий борборунда өтөт. Бул айлампага Жалал-Абад шаарындагы 22 жума мечитинин имам-хатибдери катышып, өздөрүнүн билим деңгээлин жана баяндама жасоо жөндөмүн сынап көрүшөт.