Илим – нур, билим – байлык! Балыкчы шаарында имамдар үчүн уюштурулган окуу курсу ийгиликтүү жыйынтыкталды

Балыкчы шаарындагы «Исагалы Сабира» медресесинде Ысык-Көл облусунун, Тоң районунун жана Балыкчы шаарынын имамдары үчүн уюштурулган окуу курсу ийгиликтүү аяктады.

Имамдардын билимин өркүндөтүүгө багытталган бул курсту Талас облусунун казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Турдалиев Белек өткөрүп, катышуучулардын илимге умтулуусун жана билимге болгон кызыгуусун жогору баалады. Окуу процессине Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев да катышып, имамдарга ак батасын берип, алардын диний билимин арттыруу аракетин кубаттады.

Курстун жүрүшүндө имамдарга диний, коомдук жана маданий тарбия боюнча терең билим берилди. Практикалык сабактар аркылуу алардын баяндамалардагы чеберчилиги өркүндөтүлүп, мечит жамааты менен иш алып баруудагы натыйжалуулугу жогорулатылды.

Окуу курсун ийгиликтүү аяктаган бардык катышуучуларга атайын сертификаттар тапшырылды. Имамдар мындай окуу курстарынын өтө маанилүү экенин белгилеп, аларга тажрыйба топтоого, билимин арттырууга жана коомго дагы да пайдалуу кызмат кылууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн баса белгилешти.