Өлкө аймагындагы 10 студент Азирети Муфтийдин стипендиясына ээ болушту

Бүгүн, 7-февральда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын (КМДБ) жыйындар залында өлкө аймагынан мыкты деп табылган он студент Азирети Муфтийдин стипендиясына ээ болушту.

Бул иш-чарага ДИМК директору Азамат Юсупов катышып, Азирети  Муфтий Абдулазиз кары Закировдун 40 кадамдан турган 5 жылдык стратегиялык планынын алкагында уюштурулуп, анын негизги максаты – студенттерди билимге шыктандыруу, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана илимдин баалуулугун бекемдөө болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Азирети Муфтий илимдин маанилүүлүгү тууралуу кеңири баяндама жасап, студенттерге өзүнүн насаатын айтты:

«Сабатсыз болбошубуз керек! Илим алуу – Исламдагы эң улуу милдеттердин бири. Илим – бул инсанды жарыкка, туура жолго жеткирет. Илимсиз адам адашып кетиши мүмкүн. Алла Таала ар бир адамга акыл берген, бирок илим гана ошол акылдын туура иштеп, туура жолго түшүүсүнө жардам берет. Илимсиз ибадат да, жакшы амалдар да толук болбой калат. Ошондуктан, жаштар, илим алуу – бул сиздердин жүрөгүңүздөрдү жана акылыңызды тазарткан эң чоң байлык. Билимдүү адам туура жолдо жүрөт, адилеттүү болуп, жаман жолдон оолак болот. Коомубуз илимдүү адамдар менен гана өнүгөт. Илим – бул Аллага жакын болууга, дүйнөдө жана акыретте бактылуу болууга жетелеген жол»,-деди Азирети Муфтий.

«Мыкты диний окуу жай» номинациялары жана Ардак грамота

Жылдык отчеттун жыйынтыгына карата бир катар диний окуу жайлар Ардак баракчалар жана «Мыкты диний окуу жай» номинациялары менен сыйланышты.

🏆 Ардак грамота:
📌 Кыргызстан Ислам Университети

«Мыкты диний окуу жай» номинациялары:

  1. «Бишкек кыз Куран курсу» медресеси
  2. «Абдулла ибн Аббас» медресеси
  3. «Чет тилдер» медресеси
  4. «Апиза эне» институту
  5. «Каныбек ажы» медресеси
  6. Юсуф Сыдык атындагы «Нарын» медресеси
  7. «Муаз ибн Жабал» медресеси
  8. «Абдулла» ислам институту
  9. «Умму Мухаммад» медресеси

Азирети Муфтийдин стипендиясына ээ болгон студенттер

📢 2024-2025-окуу жылына карата КМДБга караштуу диний окуу жайларда билим алып жаткан мыкты студенттерге 20 000 сомдук стипендия тапшырылды.

Стипендия ээлери:

  1. Жумабеков Кумарбек – Кыргызстан Ислам Университети
  2. Абытжанова Тасним – «Бишкек кыз Куран курсу» медресеси
  3. Самидин уулу Байел – «Абдулла ибн Аббас» медресеси, Чүй облусу
  4. Асанкулова Санибара Турдубековна – «Чет тилдер» медресеси, Талас облусу
  5. Сейитматов Барсбек Алиевич – «Апиза эне» институту, Ош облусу
  6. Майрамбек уулу Баяман – «Каныбек ажы» медресеси, Ысык-Көл облусу
  7. Касымбеков Актан – Юсуф Сыдык атындагы «Нарын» медресеси, Нарын облусу
  8. Малаев Мөланбек Маматисаевич – «Муаз ибн Жабал» медресеси, Баткен облусу
  9. Орозбеков Умар Нурбекович – «Абдулла» ислам институту, Жалал-Абад облусу
  10. Асан уулу Бектур – «Умму Мухаммад» медресеси, Ош шаары

Бул иш-чара КМДБга караштуу диний окуу жайлардын билим сапатын жогорулатууга, студенттердин илимге болгон кызыгуусун арттырууга, жана ислам илимин жайылтууга багытталган.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы билимдин маанилүүлүгүн бекемдөө жана сапаттуу диний билим берүүнү колдоо максатында мындай демилгелерди мындан ары да улантат.