2025-жылдагы ажылык сапарына барууга мүмкүнчүлүк алып, ажылыктын төлөмдөрүн толук төлөгөн талапкерлерге өлкө боюнча ажыларды эмдөөчү вакцинанын 4 компоненттүү менингитке каршы “ACYW 135” жана мезгилдик гриппке каршы “Гриппол” эмдөө (вакцинация, иммунизация) өткөрүү мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 14-февралынан 28-февралга чейин жүргүзүлө тургандыгын маалымдайбыз.
Эскертүү: КМДБ жарыяланган мөөнөт ичинде эмдөөдөн өтпөй калган ажыга баруучу талапкерлерге виза ачылбай тургандыгын кабарлап, милдеттүү түрдө белгиленген мөөнөт ичинде эмдөөдөн өтүүлөрү зарыл экендигин эскертет.