Аалымдар Кеңеши «Кыргызстанда салттуу Ислам түшүнүгү: Ханафийлик-Матуридийлик» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрдү

Бүгүн, 13-февраль күнү Шератон мейманканасында Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши тарабынан уюштурулган «Кыргызстанда салттуу Ислам түшүнүгү: Ханафийлик-Матуридийлик» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Конференцияга Казакстан, Өзбекстандын дин аалымдары, ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук ишмерлери катышты.
Конференциянын жүрүшүндө Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров конференциянын маанисин белгилеп, салттуу Ислам түшүнүгү, анын ичинде Ханафий мазхабы жана Матуридий акыйдасынын орду тууралуу сөз сүйлөдү. Ал бул иш-чаранын элибизге чоң пайдасын тийгизип, ата-бабалардан келе жаткан, көп кылымдар бою уланып келген динибизди келечек муундарга туура өткөрүүдө маанилүү кадам экенин айтты. Ошондой эле, терс диний агымдардын алдын алууга жана коомдогу руханий жашоону жакшыртууга түрткү берээрин белгиледи.
Конференциянын илимий бөлүмүндө
• Салттуу Ислам түшүнүгүнүн диний-илимий өңүттөн чечмелениши;
• Казакстанда салттуу Ислам;
• Ислам дининде шарияттык өкүм чыгарууда үрп-адаттын орду;
• Өзбекстанда салттуу Ислам;
• Акыйда-амал маселесинде системалуулук. Илимий өңүттөн Ханафий-Матуридийлик мазхабтарынын өз ара байланышы;
• Пакистанда диний жашоонун практикасы;
• Мазхаб кармануунун зарылдыгы;
• Радикализмдин алдын алууда Ханафий-Матуридий доктринанын орду;
• Кыргызстанда салттуу Ислам түшүнүгү: Ханафийлик-Матуридийлик аттуу темаларда баяндамалар окулду:
Конференциянын негизги максаты — Ислам динин туура түшүнүү, өлкөдөгү диний кырдаалды жакшыртуу боюнча пикир алмашуу, ошондой эле Ханафий мазхабын жана Матуридий акыйдасын коомчулукка терең түшүндүрүү маселеси каралды.
Конференциянын соңунда катышуучулар салттуу Ислам түшүнүгүн жана Ханафий мазхабын, Матуридий акыйдасын терең үйрөнүүгө чакырган резолюция кабыл алышты.
Резолюцияда өлкөдө Ислам динин туура түшүнүү, радикализмге каршы күрөшүү жана диний билим берүү боюнча бир нече сунуштар айтылды. Бул саамалык Кыргызстанда салттуу Ислам түшүнүгүнүн өнүктүрүлүшүнө жана өлкөдөгү диний кырдаалды жакшыртууга чоң салым кошо турган маанилүү кадам болуп калды.