Кыргызстандагы аалымдардын биримдигин бекемдөө, элдин ыйманын чыңдоо максатында Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров башында турган өлкөнүн көрүнүктүү аалымдары, облус казылары жана Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү «Ынтымак Ордо» административдик имаратына экскурсия жасашты. Бул иш-чаранын негизги максаты – бирдиктүү хутба, фатваларды борборлоштуруу жана маанилүү чечимдерди биргеликте кабыл алуу аркылуу дин кызматкерлеринин ынтымагын арттыруу болду.
Муну менен катар дин аалымдары шарият илимин жайылтуу, элдин ыйманын бекемдөө жана коомдук туруктуулукту сактоо багытында ой бөлүшүшүп, биргеликте чечим кабыл алуу зарылдыгы бар экендигин дагы бир ирет тастыкташты. Андан соң дин аалымдары калаанын ар кайсы жума мечиттерине барып, жамаат менен жолугушууларды өткөрүшүп, кыргыз элинин ынтымагын, биримдигин сактоо, терс диний агымдардан оолак болуу, ысырапкорчулуктан качуу жана эл арасында фитнаны жайылтпоо боюнча баяндамаларды жасашты. Ошондой эле алар Рамазан айына даярдык көрүү жана анын берекесинен пайдалануунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгүндө Азирети Муфтийдин демилгеси менен аалымдарга «ынтымак чайы» уюштурулуп, мамлекеттин жана элдин тынчтыгы, биримдиги үчүн дуба кылынды. Чогулган аалымдар бир ооздон Кыргызстандагы диний кызматкерлерди урматтоо, аалымдардын кадырын билүү жана алардын эмгектерин татыктуу баалоо боюнча бир пикирге келишти. Ошондой эле өлкө жана дин үчүн эмгек кылып, ааламдан өткөн аалымдар – Чубак ажы, Кимсанбай ажы жана башкалар эскерилип, алардын илимий мурастары эч качан унутулбай тургандыгы белгиленди.
Азирети Муфтий өз сөзүндө аалымдардын коомдогу ордуна терең токтолуп, алар пайгамбарыбыз (САВ) мураскорлору экендигин жана алардын эмгектери эч качан көмүскөдө калбашы керектигин баса белгиледи.
Азирети Муфтий аалымдардын кадыр-баркын коргоо ар бир мусулмандын милдети экенин айтып, аалымдар – коомдун руханий тиреги экендигин баса белгиледи.
«Биз аалымдарыбызды урматтоого милдеттүүбүз! Алар – элдин жүрөгүнө ыйман нурун чачкан, адилеттүүлүктү даңазалаган жана коомго туура багыт көрсөткөн жетекчилер. Шариятта аалымдын даражасы бийик. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Аалымдар – пайгамбарлардын мураскорлору» – деп айткан. Демек, аларды сыйлоо – динди урматтоо дегендик! Аалымга акаарат келтирүү – жакшылык алып келбейт. Андай коом руханий азыктан ажырап, ынтымагын жоготот»,-деди Азирети Муфтий.
Ал ошондой эле кыргыз элинин тарыхындагы аалымдардын ролун эске салып, салт-санаа да улууларды урматтоого үндөөрүн белгиледи:
«Ата-бабаларыбыз илгертен илим ээлерин даңктап, алардын сөзүн туу туткан. Бүгүнкү күндө да ошол наркты сактоо – ыймандуулуктун жана руханий жетилгендиктин белгиси. Элибиздин биримдиги – аалымдардын да ынтымагы менен бекемделет. Ушул чындыкты ар бир мусулман жүрөгүнө түйүп алууга тийиш!»
Азирети Муфтий элди илим ээлерин баалап, аларга колдоо көрсөтүүгө чакырды.