Ош облусундагы имам-хатибдер үчүн уюштурулган окуу курсу ийгиликтүү аяктады

8-февралда башталган Ош облус аймагындагы айыл өкмөттүн жооптуу имам-хатибдеринин билим деңгээлин жогорулатуу максатындагы уюштурулган окуу курсу ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Окуу курсунда Куран, тажвид сабагынан баштап, фикх, хадис, усулу фикх, усулу хадис жана акыйда боюнча Ош облусунун казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган казыят кызматкерлери жана теология факультетинин мугалимдери сабак өтүштү. Алгачкы күнү ДИМК ТАБнын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу “2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы” тууралуу баяндама жасап, курс катышуучуларына өз салымын кошту.

Ош облусунун казысы Абибилла ажы Кадырбердиев окуу курсунун катышуучуларына облус казысы же райондун баш имам-хатиби сыяктуу алдындагы имамдарына карата жоопкерчиликтүү болуу маанилүүлүгүн айтып өттү.

“Учурда акыйда маселеси боюнча түрдүү суроолор пайда болуп жаткандыктан, диний кызматкер катары акыйда жаатында маалыматтуу болуубуз керек. Өзгөчө айыл өкмөттүн жооптуу имамдары катары ар бириңиздердин артыңыздарда 10дон баштап 50гө чукул мечит имамдары бар. Аларга карата облус казысы жана райондун баш имам-хатиби сыяктуу жоопкерчиликтүү болуу керек. Буга чейин облус аймагында жалпы имамдарга акыйда сабагы өтүлгөндүгү баарыңыздарга маалым. Эми ага кошумча, кайталоо жана дагы да бекемдөө максатында окуу курсун уюштуруп баштадык,” — деди Абибилла ажы Кадырбердиев.

Окуу курсу ийгиликтүү аяктап, айыл өкмөттүн жооптуу имам-хатибдери алган билимдери менен өздөрүнүн диний насаатчылык иштеринде жаңы жетишкендиктерге жетишүүгө даяр болушту.